25-июнга чейин күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.23-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын...