Кыргызстанда “Ширшов фонду” деген аталыш менен коомдук фонд ачылды. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, аны ушул жылдын 2-июнунда Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы каттаган. Фонддун башкаруучусу Ширшов Алексей Юрьевич экени көрсөтүлгөн.Анын инициалдары орусиялык ишкер, убагында Кыргызстанда энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн деп айтылып келаткан Алексей Ширшовдун аты-жөнүнө туура келет. Анын жакындары же өзү комментарий бере элек.Акыркы жылдары анын аты...