Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы бийликтен кантип кеткени тууралуу биринчи жолу комментарий берди. Бул тууралуу ал “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин бир гана суроосуна жооп берди.“Кабардын” директору Медер Шерметалиев “Саясатчы Азимбек Бекназаров жергиликтүү медиалардын бирине берген маегинде “Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырып алган” дептир. Ушул боюнча сиздин комментарий?” деген суроо берип, ага мурдагы...