Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эркин Жолдошалиев президент Садыр Жапаровго, Башкы прокуратурага жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жазган арызы каралбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.Ал УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Каныбек Досмамбетовго каршы ушул жылдын 6-февралында эле арыз бергенин кошумчалады.“Каныбек Досмамбетовдун кызматкерлери...