Ысык-Ата районундагы бала бакчада иштебеген кызматкерлерге мыйзамсыз айлык акы төлөө фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.Факт Ысык-Ата райондук прокуратурасы текшерүү жүргүзгөн учурда, Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан “Бала-Кербен” бала бакчасында аныкталган."Бала бакчанын жооптуу кызматкерлери тарабынан 2024-жылдан бери жумуш убактысын эсепке алуу документтерине жана маяна тизмелерине иштебеген алты адамга жалган түрдө эмгек акы эсептеп,...