Казан шаарынан “Азыркы замандагы кыргыз аңгемелеринин антологиясы” жарык көрдү. Ага Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев баштаган жыйырмадан ашык автордун аңгемелери кирген.Татарстан жазуучулар союзунун төрагасы Ркаил Зейдулла китепти Ысык-Көл форумунда алып келген.“Азыркы кыргыз аңгемелери ар бир көз карандысыз адабияттагыдай эле бир гана чектин ичинде калбайт. Бул жерде ар кандай стилдеги, ар түрдүү багыттагы жана ар башка баалуулуктарды камтыган аңгемелер топтолгон. Ошондуктан бул антология...