Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу “75чилердин каты” боюнча парламентте айтылган сөздөрдү “жалган маалымат” деп баалады. Бул тууралуу ал 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан чыгып баратканда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты.Ал башта Жогорку Кеңеште эмнелер айтылганын көрбөгөнүн, ушундан улам суроолорго жооп бере албай турганын билдирген. Бирок “азыркы төрага Марлен Маматалиев да сиздер тууралуу бир топ маалыматты айтпадыбы” деген сөзгө...