
Каракол шаардык мэриясы Кутманалиев көчөсүндө ирригациялык арыктар жоктугу боюнча жергиликтүү тургундардын билдирүүлөрүн көзөмөлгө алды. Муниципалитетте шаардагы бир нече көчөлөрдүн оңдолушу жана реконструкциясы учурунда ирригациялык арыктар, тротуарлар жана көчө жарыгы сыяктуу маанилүү элементтер толук эске алынбагандыгы белгиленди. Бул айрым жерлердеги инфраструктуранын бүткөрүлбөй калуусуна алып келди.
Караколдо учурда мониторинг жүргүзүлүп, буга чейин аткарылган иштердеги кемчиликтер жана жарандардын кошумча муктаждыктары аныкталууда. Бул анализдин жыйынтыгында толук реабилитациядан өтпөгөн көчөлөрдө кошумча иштерди жүргүзүү пландалууда.