
Төтөнчө кырдаалдар министрлигинде маанилүү өзгөрүүлөр болду: жетекчиликтин 70% жакын бөлүгү алмаштырылды. Бул тууралуу министр Канатбек Чыныбаев «Кабар подкаст» интервьюсунда билдирди. Ал өзгөрүүлөрдүн анализ жана аудит текшерүүлөрүнүн натыйжасында пайда болгонун, коррупциянын айрым учурлары аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлгөнүн белгиледи.
«Биз ведомствону мындай кызматкерлерден тазалоого аракет кылдык жана жетекчилик курамын дээрлик 70% жаңырттык. Жакшы иштеген профессионалдар өз ишин улантууда. Мен азыр күчтүү команда түзүүгө жетиштим деп эсептейм», - деди ал.