Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Сулюкта жашоочулар менен жолугушуу өткөрүп, жергиликтүү калктын актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулады. Шаардыктар саламаттык сактоо абалына, анын ичинде шаардык ооруканада заманбап медициналык жабдыктардын жетишсиздигине жана тез жардам унааларынын тартыштыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти. Ошондой эле теринин ооруларын дарылоо үчүн бөлүм ачуу зарылдыгы айтылды.
Көйгөйлөргө жооп катары жергиликтүү бийлик кошумча тез жардам унаасын бөлүп берүү жана быйыл жаңы медициналык жабдыктарды сатып алуу пландары жөнүндө маалымдады. Мындан тышкары, Лейлек районунда терапия жана неврология боюнча жаңы бөлүмдөрдү куруу долбооруна теринин ооруларын дарылоо үчүн корпус да киргизилет.