23-июндан 1-июлга чейин "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында жолдун биринчи этаптын ремонттоо иштери башталат, ушул себептен 8 чакырымдык участокто кыймыл чектелет. Чектөөлөр аэропорттон Манас айылына чейин Фрунзе көчөсү, 1/1 боюнча, батыш тарабында жайгашкан жолго тиешелүү болот. Жол кыймылынын уюштурулушундагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардыктарга жана туристтерге, ошондой эле аэропорттун жүргүнчүлөрүнө жолдогу убактылуу чектөөлөрдү эске алып, маршруттарын алдын ала пландаштырууну сунушташат.