Бишкекте Эл аралык йога күнүн белгилешти

Иш-чара «Алай кыз» эстелигинин жанында өттү



21-июнда Бишкекте Эл аралык йога күнү белгиленди. Мерекелик иш-чара борбордогу Курманжан датка эстелигинин жанындагы аллеяда дене тарбиясына кызыккан адамдарды чогултту. Бул тууралуу маалымат шаардык мэрия тарабынан таралган.


Акцияга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргызстандагы Индия элчилигинин дипломаты, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кызматкерлери жана йога менен машыгып жүргөн көптөгөн шаардыктар катышты.


Уюштуруучулар йога күнүн өткөрүү жакшы салтка айланганын, бул активдүү жана ден-соолукка пайдалуу жашоо стилин популяризациялоого, маданияттар аралык байланыштарды бекемдөөгө жана борбор калаанын тургундарынын физикалык жана психикалык ден соолугун колдоого жардам берерин белгилешти.


Сүрөт www