Ысык-Көл облусунда фермерлер үчүн агрохимиялык лаборатория ачылды


Ысык-Көл облусунда жердин сапатын анализдөө үчүн арналган агрохимиялык лаборатория иштей баштады. Жаңы объект суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин химиялаштыруу, коргоо жана карантин бөлүмүнүн алдында түзүлгөн.