Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков саясатчы Азимбек Бекназаровдун «менин отставкам Камчыбек Ташиевдин кысымы менен болду» деген сөздөрүнө жооп берди. «Кабар» агенттигинин жетекчиси Медер Шерметалиев менен болгон интервьюсунда Жээнбеков бул маалыматты четке какты, ал чындыкка дал келбестигин белгиледи.
Архивден алынган сүрөт
Экс-президенттин айтымында, эч ким анын үстүнө кысым көрсөтпөгөн. Мамлекет башчысынын кызматтан кетүү чечими ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен он күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган. Жээнбеков бул маалыматтын баарына белгилүү экенин айтты.