Селдерден жабыркаган аймактарда кооптуу инфекциялар табылган жок
Саламаттык сактоо министрлиги 19-июндан 21-июнга чейин болгон селдерден жабыркаган Баткен, Ош жана Талас облустарындагы санитардык-эпидемиологиялык абалды активдүү көзөмөлдөп жатат.
Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери аймактарды дезинфекциялоо жана ичүүчү суунун сапатын лабораториялык анализдөө сыяктуу профилактикалык чараларды жүргүзүүдө. Ош облусунда жабыркаган айылдарда үйлөрдү кыдыруу жана жергиликтүү тургундарды суроо алуу иштери жүргүзүлүүдө. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча эпидемиологиялык абалдын начарлашы же инфекциялык оорулардын учурлары катталган жок. Жергиликтүү булактардан алынган суу лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү.



Баткен жана Талас облустарында санитардык кызматтар жергиликтүү бийлик менен биргеликте айылдардын, социалдык объектилердин жана суу камсыздоонун абалын көзөмөлдөп жатышат.
21-июнга карата селдерден жабыркаган аймактарда санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калууда. Жапырт инфекциялык оорулар жана эпидемиялык оору учурлары катталган жок.