Кыргыстандагы аба ырайынын болжолу 23-июнга.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 23-июнга караган түнү Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, ошондой эле Баткен жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жамгыр жана грозалар күтүлүүдө. Чүй жана Талас облустарынын тоолуу райондорунда да жамгыр болушу мүмкүн. Чүй жана Талас облустарынын айыл чарба зонасында жамгыр болбойт, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде күчтүү жамгыр өтөт.
Күндуз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым райондорунда, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда кыска мөөнөттүү жамгыр жана грозалар күтүлүүдө. Ош жана Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, ошондой эле Чүй, Талас жана Баткен облустарында жамгыр болбойт.
Шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, күндүз айрым жерлерде 15-20 м/с чейин күчөшү мүмкүн.
Аба температурасы:
Чүй облусу
түнү +16...+21
күндуз +32...+37
Талас облусу
түнү +12...+17
күндуз +30...+35
Баткен облусу
түнү +15...+20
күндуз +31...+36
Ош жана Жалал-Абад облустары
түнү +15...+20
күндуз +31...+36
Ысык-Көл облусу
түнү +10...+15
күндуз +23...+28
Нарын облусу
түнү +8...+13
күндуз +22...+27
Бишкекте жамгыр күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Түнкү минималдуу аба температурасы +18…+20°, ал эми күндүз максималдуу температура +34…+36° жетет.
Чолпон-Атада кээде кыска мөөнөттүү жамгыр жана грозалар болот. Шамал да батыштан 4-9 м/с. Түнкү минималдуу аба температурасы +13…+15°, күндүз максималдуу температура +23…+25° болот.
Ысык-Көл көлүнүн түндүк жээгинде 21-июндагы суу температурасы күндүз +21,8°, ал эми 22-июнда таңкы температурасы +20,1° болду.