Кыргызстандын (U-18) аялдар волейбол командасынын атаандаштары 23-28-июнь күндөрү Таиланддын Накхонратчасим шаарында өтүүчү Princess Cup эл аралык турнири боюнча белгилүү болду. Бул мелдешке эки топко бөлүнгөн сегиз команда катышат.

Кыргызстандык команда В тобуна кирип, Вьетнам, Малайзия жана Филиппин командалары менен беттешет. А тобунда Австралия, Гонконг, Индонезия жана турниринин ээси — Таиланд командалары чыгышат.