
Кыргызстанда психологиялык жардам активдүү берилет, бирок анын толук укуктук базасы жок. Бул тууралуу КРнын «Психологиялык ишмердүүлүк жана психологиялык жардам жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда маалым болду.
Психологиялык жардамды балдар, үй-бүлөлөр, зомбулукка кабылган адамдар, кризистик кырдаалдагы жарандар жана мигранттар, ошондой эле табигый кырсыктардан жабыркагандар алышат. Ошол эле учурда, юрист Нурлан Алымбаевдин билдирүүсүнө караганда, мыйзамдар бул чөйрөнү жарым-жартылай гана жөнгө салат.
2024-жылы Конституцияны жана бир нече мыйзамдарды камтыган 16 нормативдик акттын анализи жүргүзүлгөн. Натыйжалар бирдиктүү терминологиянын жоктугун жана психологиялык жардамды ишке ашыруу механизмдеринин жетишсиз иштелип чыкканын көрсөттү. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо жана өзгөчө кырдаалдарга жооп берүү аспектилерин камтыган комплекс мыйзам керек.