Ош шаарында катуу селдерден кийин суу менен камсыздоо жагдайы жакшырды. Ак-Буура дарыясындагы суу булгануу деңгээли төмөндөгөн, адистер ичүүчү суу берүү системасын калыбына келтирүү иштерин улантууда.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, мэрдин орун басары Эрнис Толтоев профилдик кызматтардын жетекчилери менен биргеликте шаардык суу сактагычтарды, ошондой эле негизги сел суулары келген Зымырык-Сай жана Кызыл-Кыштак аймактарын текшерди.