```html
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 22-июнда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Чолпон-Атада жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелери талкууланды, саясий жана экономикалык өз ара аракеттенүүгө басым жасалды.