Ысык-Ата районунда алты жалган бала бакча кызматкери аныкталды


Ысык-Ата районунда прокуратура "Бала-Кербен" бала бакчасында алты жалган кызматкерге мыйзамсыз айлык төлөө фактыларын ачыктады. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 337-беренеси боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши козголду.