```html









Таласта 22-июнда алты жаңы мини-футбол аянтчасы ачылды. Иш-чара шаардык мэриянын колдоосу менен уюштурулган.
«Дастан» спорт аянтчалары Кыргыз Республикасынын президентинин резервдик фондунан бөлүнгөн каражаттар менен курулган.

Футбол аянтчалары Талас мамлекеттик университетинин Ж. Баласагын атындагы институтунун аймагында, ошондой эле Р. Я. Рысакова атындагы №2, К. Дарданов атындагы №3, №5 орто мектептеринде, «Умму-Арран» мечитинде жана дагы бир окуу жайында жайгашкан.