2026-жылдын 1-июлунан баштап Бишкекте үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөр үчүн мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулун алуу боюнча арыздарды кабыл алуу башталат. Бул тууралуу борбордун мэриясынан билдиришти.
Жөлөк пулдун өлчөмү үч жашка чейинки ар бир бала үчүн 1 200 сомду түзөт. Эскерте кетсек, жөлөк пулду алуу укугу кирешесинин деңгээлине карабастан, ар бир үй-бүлөгө берилет.