БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайлануу жана кара тизмеден чыгуу. Жапаров дипломаттарды жана авиация кызматкерлерин сыйлады
22-июнда Чолпон-Атада Кыргызстан Республикасынын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышты. Иш-чара дипломаттардын жана авиация тармагынын өкүлдөрүнүн эл аралык аренада өлкөнүн позицияларын бекемдөөгө кошкон салымын таануу максатында өткөрүлгөндүгү президенттин администрациясынан маалымдалды.

Өз сөзүндө президент Кыргызстанды Европалык Союздун кара тизмесинен чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул окуя транспорттук байланыштарды кеңейтүүгө, жаңы авиакомпанияларды жана эл аралык маршруттарды тартууга, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жана туристтик тартымдылыгын жогорулатууга шарт түзөт.