23-июнда Бишкекттин түштүк-чыгыш бөлүгүндө ичүүчү суу берүү токтотулат. Суу берүү токтотулушу турак жай үйлөрүн, билим берүү мекемелерин, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди жана башка социалдык объектилерди камтыйт.
Суу токтотуу 09:00дөн 18:00гө чейин пландалган. Суу токтотулган аймактар Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген райондорду камтыйт. Ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полицейский шаарчасы суусуз калат.
Убакыттуу суу токтотуунун себеби Контррезервуарлар жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүү болуп саналат.