
Предпринимателер рыноктордун администрациялары менен ижарачылардын ортосундагы учурдагы ижара келишимдеринин шарттарын кайра карап чыгуу боюнча сунуш киргизишти. Бул маселе бизнесмендердин Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда талкууланды.