22-июнь күнү Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара уюштурду.
Мерекеге Жогорку Кеңештин депутаттары Гульнара Акимбаева жана Мирлан Жээнчороев, Президенттин администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрү, кызматтын ардагерлери жана эл аралык уюмдардын коноктору катышты.
Иш-чара учурунда Мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өнүгүшү, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан реформалар жана жетишкен ийгиликтер тууралуу маалымат бөлүштү.
Жумушунда мыкты натыйжаларды көрсөткөн кызматкерлер мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болушту.
Салтанатка ардактуу коноктордун куттуктоо сөздөрү жана катышуучулардын жалпы сүрөткө тартылышы менен аяктаган маданий программа кирди.