Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде УКМКдан 96 кызматкер жумуштан четтетилип, 24нө кылмыш иши козголгонун билдирди.Бул тууралуу ал Жогорку Кенештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 23-июндагы жыйынында айтты. Отурумда депутат Элвира Сурабалдиева “атайын кызмат коррупциялык иштерге тиешеси бар кадрлардан тазаланып жатабы?” деген суроо берип, Алишер Эрбаев...