Президент Садыр Жапаров Баткендеги селдин кесепетин тез арада жоюуну жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды. Мамлекет башчынын администрациясы ал Баткен облусунун аймактарында жүргөн селдин кесепетинен толук кабардар экенин 23-июндагы маалыматында белгиледи.Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик кызматтарга жана жергиликтүү бийлик органдарына кырсыктын кесепеттерин ыкчам түрдө жоюу жана жабыркаган тургундарга бардык зарыл жардамды көрсөтүү боюнча чукул тапшырмаларды бергени...