Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Маалыматты “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи май райондук соту ырастады. Райондук соттун маалыматына ылайык, анын бөгөт чарасы 19-июнда каралып, 30-июнга чейин камакка алуу чечими чыккан.Экс-депутатты камакка алуу өтүнүчүн сотко ИИМдин тергөөчүсү берген жана ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен кине тагылган.Дүйшөн Төрөкулов 2017-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Бир Бол” саясий партиясынан...