Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышына жана Евробиримдиктин авиациялык "кара тизмесинен" чыгарылышына кошкон салымы үчүн дипломаттарды жана авиаторлорду сыйлады. Сыйлык тапшыруу аземи 22-июнда Чолпон-Ата шаарында өттү.Мамлекет башчысы Кыргызстан эгемендик тарыхындагы таасирдүү дипломатиялык жеңиштерди камсыздап, эл аралык коомчулуктун кызыгуусун арттырган тарыхый окуя жаратканын баса белгиледи.Садыр Жапаров Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун...