Мурдагы “АЮ” холдингинин директору Тыныбек Исаев кайрадан тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-июнда чыгарды. Райондук соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлагандай, аны камакка алууну тергөөчү соттон өтүнгөн. Жыйынтыгында сот Исаевди 20-августка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камоону токтом кылган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Шылуундук") менен айып тагылууда.Тыныбек Исаев “АЮ” холдингинин ээси жана...