1-сентябрдан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акысына иштин татаалдыгы жана натыйжалуулугу үчүн берилүүчү кошумча акы 50% көтөрүлөт. Андан тышкары дагы ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 23-июнда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.Касымалиев мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген...