Орусиянын Украинага кол салып, согуш баштагандан бери каза болгон аскерлеринин кеминде 227 680инин тек-жайы аныкталганын "Медиазона" басылмасынын жана Би-би-синин орус кызматынын журналисттери ыктыярчылар менен чогуу аныкташты. Басылма белгилегендей, согуш башталгандан бери 1577 күн өттү жана узактыгынан Улуу Ата Мекендик да, Биринчи дүйнөлүк да согуштардан ашып кетти.Мерт болгондордун басымдуу бөлүгү - 83 484 адам согушка өз ыктыяры менен баргандар. Ошондой эле 25 662 адам мурда...