Президент Садыр Жапаров Нарын облусунун Жумгал районунунда 1200 мегаваттык (МВт ) “Кара-Кече” жылуулук электр борборунун курулушу башталар алдында турганын билдирди.Бул тууралуу мамлекет башчы 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун тургундары менен жолугушуу учурунда айтты. Бирок долбоордун наркы, ким ишке ашырат жана каржы булагы тууралуу маалымат берген жок.Президент жыйында Нарын облусунун бюджети 2025-жылы 2,3 млрд сом болуп бекитилгени менен, жылдын...