Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткенде жүргөн катуу селде жабыркагандар жок экенин тактады. Президент Садыр Жапаров Баткендеги селдин кесепетин тез арада жоюуну жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды. 22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү.