Кыргызстанда жаш келиндердин өмүрүн алган трагедиялуу окуялардын артында эмне турат? Май айынын аягында эле Кара-Суу районунда эки күндүн ичинде эки жаш келин өз жанын кыйганы кабарланган. 27 жаштагы Гүлдана Алишер кызынын артында үч баласы калды. 21 жаштагы Анара Абдуллаеванын болсо 1,5 жаштагы эгиз уулдары энесиз жашап жатат. Ага чейин Ноокатта 21 жаштагы Айжаңыл Аликараеванын өлүмү катталган.