Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда жазуучу Чыңгыз Айтматов негиздеген "Ысык-Көл форумунун" 40 жылдыгына арналган үч күндүк эл аралык интеллектуалдык жыйын өтүп жатат. "Дүйнө цивилизациялык бурулуш жолдо: келечекке бирге" урааны астында өтүп жаткан иш-чарага он жети мамлекеттен жана эл аралык уюмдардан жүздөгөн өкүлдөр, анын ичинде Нобель сыйлыгынын лауреаттары, белгилүү окумуштуулар, жазуучулар жана дипломаттар чогулду.