Соң-Көлдүн жээгине мыйзамсыз түрдө A-frame, глэмпинг тибиндеги эс алуу объекттерин тургузуп алган ишкерлерге айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай, коммуналдык чарба министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, эс алуу объекттерин куруу тиешелүү уруксат берилбей туруп башталган. Мындан тышкары үйлөрдү тургузууда курулуш нормалары жана техникалык талаптар сакталган эмес.Текшерүүнүн жыйынтыгында эки ишкерге 200 миң сом айып салынды. Ишкерлерге курулушту талапка...