Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун кармалышы боюнча комментарий берди.Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстандын аймагында жана Орусиянын Свердлов облусунда бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө сөз болуп жаткан топко Дүйшөн Төрөкуловдун тиешеси бар экени аныкталган.ИИМ ал айдап бараткан Toyota Prius...