Орусиянын бир катар аймактарында бензин менен дизелди сатууга чектөөлөр киргизилип жатканда Казакстандын бийлиги ички рынокто күйүүчү-майлоочу материалдардын тартыштыгы жок экенин билдирүүдө.Ошол эле учурда өлкөдөн күйүүчү майды мыйзамсыз алып чыгууга каршы көзөмөл күчөтүлөт.20-июнда премьер-министр Олжас Бектенов тиешелүү мамлекеттик органдарга чек аралардагы көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.Өкмөт мыйзамсыз ташып чыгуу схемаларына бөгөт коюп, мунай өнүмдөрүнүн өндүрүлүшүнө туруктуу мониторинг...