23-июнь күнү саат 3:30 чамасында Манас шаарындагы Курманбек жана Качкынбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эки автоунаа кагышып, Tico автоунаасынын айдоочусу ошол жерден жан берген. Ал эми экинчи BMW X5 унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен.Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалыматында, Tico автоунаасы Качкынбаев көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй келе жатып, Курманбек көчөсү менен келе жаткан BMW X5 автоунаасынын жолуна чыгып кеткен. Натыйжада...