Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы 23-июнга караган түнү дрондордун чабуулуна туш болду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Мекеме тараткан маалыматта дрондор Украинага таандык экени белгиленет.Бир катар Телеграм-каналдар жазгандай, түн ичинде жарым аралдагы Феодосия, Керчь, Красноперекопск жана Щелкино шаарынын аймагында жардыруулардын үндөрү угулган.Supernova+ каналынын маалыматында, дрондор Керчь портундагы мунай базасына, TES-Terminal мунай өнүмдөрүн сактоо жана...