23-июнда Чүй районунда Кегети капчыгайындагы сууга жеңил унаа түшүп кетип, ичиндеги эки бала агып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.Мекеменин Чүй облустук башкармалыгынын маалыматына караганда, унаадагы эки чоң киши аман калган. ӨКМдин куткаруучулары 12 жаштагы кыздын сөөгүн суудан алып чыгышкан. Алты жашар баланы издөө уланууда.Ошондой эле 23-июнда Сокулук районундагы Кожомкул айылында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын...