Казакстанда жүздү толук жаап турган кийим кийүүгө тыюу салынган мыйзам күчүнө киргенден бери 1613 адам административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу 23-июнда өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.Мекеменин маалыматына ылайык, мындай талап «Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» мыйзамда каралган жана коомдук жайларда адамдын жүзүн таанууга тоскоол болгон кийимдерди кийүүгө тыюу салат.Чектөөнүн аба ырайына байланыштуу учурларга, медициналык көрсөтмөлөргө, кызматтык милдеттерди...