Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин (МУКК) жана Чек ара кызматынын кызматкерлери Кыргызстандан айыл чарба жаныбарларын мыйзамсыз чыгарууга аракет кылган трансчек аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн токтотушту.
Кылмыштуу схема Ош облусунда иштеп, Кыргызстандыктар менен чет элдиктер тарабынан уюштурулган. Чыгарылган жаныбарларды коңшу мамлекеттин аймагында сатуу пландалган.
22-июнда Араван районунун чек ара зонасында 229 баш айыл чарба жаныбарын чыгарууга аракет кылган шектүү уюштуруучүлөр жана аткаруучулар кармалды. Бардык кармалгандар МУККнын тергөө изоляторуна жайгаштырылды.
Айыл чарба жаныбарларын чыгарууга болгон тыюуга карабастан, шектүүлөр системалуу түрдө контрабанда менен алектенишкен, жеке пайда үчүн аракет кылып, конспирация чараларын сактап, алдын ала сүйлөшүп иш алып барышкан.
Кармалгандарга Кыргызстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, трансчек аралык топ тарабынан жасалган экономикалык контрабанда боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө иштери уланууда.