Кыргызстандын Табигат министрлиги 1-июлдан тартып «Бирдиктүү терезе» автоматташтырылган маалыматтык системасын (АИС) киргизет. Бул жаңылык мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө, процесстердин ачыктыгын жакшыртууга жана жарандар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга багытталган. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымат берди.

«Бирдиктүү терезе» системасы жарандарга жана уюмдарга электрондук түрдө документтерди тапшырууга, өз арыздарынын статусун көзөмөлдөөгө жана лицензиялар менен уруксаттарды онлайн режиминде алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү кыйла жеңилдетет.