



Ветеринардык кызмат жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча директору Адилет Сотовалдиев Лейлек районунун Кулундин айыл өкмөтүндө жайгашкан «Лейлек Сүт» сүттү кайра иштетүүчү ишканасын зыярат кылды. Иш сапарынын жүрүшүндө ал заводдун өндүрүш кубаттуулугу жана продукция ассортименти менен таанышып чыкты.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, Сотовалдиев жабдуулардын абалын жана сүттү кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн текшерди. Ишканада күнүнө бир тонна сүттү кайра иштетүүгө мүмкүндүк берген жабдуулар орнотулган.