Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде (УКМК) президенттин тапшырмасы боюнча структуралык жана системалык өзгөртүүлөр ишке ашырылууда. Бул тууралуу УКМКнын орун басары Алишер Эрбаев Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Депутат Эльвира Сурабалдиева УКМКдагы текшерүү аяктаганбы жана бизнесмендерге басым көрсөткөн кызматкерлерге карата аракеттер улантылып жатабы деп сурады. Ал депутаттар жарандардан көптөгөн кайрылууларды алышканын, андан кийин алар Башкы прокуратурага, УКМКга жана президенттин администрациясына жөнөтүлгөнүн белгиледи.