Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү эки айыл эли менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.Анын маалыматында, мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Чоңгара жана Таш-Төпе айылдары 2,5 миңдей эли менен Кыргызстандын карамагына өтөт."Бул айылдарда этникалык кыргыздар жашайт. Эми бул эки айылда каттоо иштери жүрүп, жашоочуларына...